
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жалпы республикалык тестирлөө өткөрүүгө ыйгарым укуктуу уюмду аныктады.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2026–2028-жылдары ЖРТны Билим берүүдөгү баалоо жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору өткөрөт.
Бул көз карандысыз тестирлөө кызматын тандоо боюнча сынактын жыйынтыгында аныкталды.
Маалымат үчүн: Жалпы республикалык тестирлөө – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. ЖРТ 2000-жылдардын башында окуу жайларга парасыз кирүүнү камсыздоо максатында уюштурулган.