Синоптиктердин маалыматына таянсак, 5-январда Чүй жана Ысык-Көл облусунун аймактарында кар жаайт. Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 ... +1 күндүз +4 ... +9;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +4 ... +9;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +5 ... +10;
- Нарын аймагында түнкүсүн -18 ... -23, күндүз -6 ... -11;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -3 ... -8, күндүз 0 ... +5 градус болот.