
Манас шаарында 15,4 чакырым темир жол бузулуп, ордуна унаа жол курулат. Бул жөнүндө шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Учурда Жалал-Абад – Көк-Жаңгак темир жол тилкесинин 406-чакырымынан 421-чакырымына чейинки бөлүгүндө демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган тилкеде поезд акыркы жолу 1998-жылы жүрүүсүн токтоткон. Андан бери темир жол пайдаланылбай келген. Анын жалпы узундугу 15,4 чакырымды түзөт. Ал жолду демонтаждоо иштерин 1-февралга чейин аяктоо пландалууда.
Белгилей кетсек, демонтаждалган темир жолдун ордуна автоунаа жолу курулат.