
Президент
Садыр Жапаров тууралуу документалдуу тасма жарык көрдү. Бул тууралуу аталган тасманын автору
Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Айтымында, тасмада президент соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, жаңы маалыматтар менен бөлүшкөн.
"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да биз менен ачык болду деп айта алам",- деген Бийбосунов.
Белгилей кетсек, документалдуу тасма төрт сериядан турат. Биринчи сериясы бүгүн, 5-январда саат 19:00дө, калганы 6-7-8-январда Айбек Бийбосун уулу ютуб каналында көрсөтүлө турганы маалымдалды.