
ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Чыйырчык жана Талдык лыжа базаларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мекеме текшерүүдө бир катар олуттуу коопсуздук талаптары аткарылбаганын билдирди.
Тактап айтканда, айрым лыжа базаларында медициналык пункт жок, биринчи жардам көрсөтө турган адистер каралган эмес, сертификаты бар куткаруучулар жок, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча талаптар сакталган эмес. Тамактануучу жайларда газ баллондорунун коопсуз эмес шартта пайдаланылып жатканы да катталды.
Аталган кемчиликтер боюнча лыжа базаларынын администрацияларына, кызматкерлерине жана эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарында 3 адам баллон менен муз тебүү учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөнү кабарланган.