Бишкекте Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фонду кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, айтыштын тандоо туру 15-январда саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт. Ал эми финалдык бөлүгү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 17-январда болот. Иш-чара саат 18:00дө башталат.
Уюштуруучулар сынактын байге фонду 2 000 000 сомду түзөрүн кошумчалашты.
Ак таңдай акын 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.