Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы атасы каза болгондон кийин мурастан расмий түрдө баш тартканын жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Депутаттын айтымында, ата-энесинин мүлкүнө доо койбогонун жана жашоосун, эмгек жолун өз алдынча курууну бала кезинен эле чечкенин белгилеген.
"Биз кандай үй-бүлөдө төрөлөрүбүздү тандабайбыз. Ата-эненики балага жукпайт, буюрбайт. Атамдын көзү өткөндөн кийин мурастан баш тарткам. Анткени менин ага тиешем жок. Кичинекей кезимден бардыгына өз күчүм менен жетем, силерден эч нерсе кереги жок деп айтчумун", - деди депутат.
Буга чейин коомчулукта Жылдыз Таалайбек кызына айрым объектилер – "Сүмбүл" мончосу, "Кристалис" комплекси жана "Архар" эс алуу жайы тиешелүү болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок депутат басылмага бул маалыматтарды четке кагып, аталган объектилердин ээси эместигин баса белгилеген.