Көчөдө спирт ичимдик ичкен делген Бишкек шаарынын муниципалдык инспектору иштен алынды. Бул тууралуу Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбеков жыйында билдирген.
Анын айтымында, аталган окуя тартылган видео коомчулукта чоң резонанс жараткан. Видео буга чейин социалдык тармактарда тарап, анда муниципалдык инспекциянын формасын кийген адам колуна стакан кармап, коомдук жайда тартипке туура келбеген аракеттерди жасап жаткан учурлар чагылдырылган.
Окуя боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында инспектор кызматтан бошотулган.