Биз социалдык тармакта

Чүй облусунда туман каптап, жол кыймылы татаалдады

Чүй облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу коюу туман байкалууда. Көрүнүштүн начарлашы жол кыймылына олуттуу тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы эскертти.

Маалыматка ылайык, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, башка унаалар менен коопсуз аралыкты кармоо жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштыруу сунушталат.

Чүй облусунун ЖКККБ кызматкерлери учурда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан