Биз социалдык тармакта

Азия кубогу U-23: Кыргызстан Сауд Арабиясы менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты

Бүгүн, 6-январда Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Азия кубогунун (U-23) финалдык баскычында Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын жаштар курама командалары кез келди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстандын жаштар курама командасы Сауд Арабиясынын курамасына 0:1 эсебинде утулду.

Беттештин жалгыз голу 88-мүнөттө киргизилди. Оюндун 34-мүнөтүндө VAR текшерүүсүнөн кийин башкы калыс Фу Минг кыргызстандык футболчу Арсен Шаршенбековго кызыл карточка көрсөттү.

Кийинки беттеш 9-январда Кыргызстан менен Вьетнам командаларынын ортосунда өтөт.

Эскерте кетсек, турнирге төрт топко бөлүнгөн 16 курама команда катышууда. Топтук этаптын жыйынтыгында алдыңкы эки команда плей-оффко чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан