Экономиканын өсүү темпи 4,3%га азайды

Экономиканын өсүү темпи мурдагыдай эле жыл башынан бери 4,3%га азайды. Өкмөттүн 100 күндүк ишинде экономиканын өсүү темпинин азайышы металлургия секторунда өндүрүштүн азайганы менен түшүндүрүлөт. 2012-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү баштапкы баалоо боюнча 233,6 миллиард сомду түзүп, ИДПнын көлөмүнүн реалдуу азайышы 4,3%ды түздү. “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 3,6%ды түздү. Кошумчалай кетсек, 2011-жылы ушул маалда бул көрсөткүч 6%ды түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан