Биз социалдык тармакта

"Рэкетир" тасмасындагы башкы ролдун аткаруучусу Мурат Бисембин 54 жашында дүйнөдөн өттү

Белгилүү казак актёру Мурат Бисембин, "Рэкетир" фильминдеги башкы ролдун аткаруучусу, 54 жашында каза болду. Бул тууралуу актёрдун кызы Диана социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.

Маалыматка ылайык, декабрь айынын аягында Мурат Бисембин инсульт алып тез арада ооруканага жеткирилген. Ага чейин үй-бүлөсү анын абалы туруктуу эмес экенин билдиришкен. Соңку бир жарым жыл ичинде актёр ооруканада көп убакыт өткөргөн.

Буга чейин кесиптештери билдиргендей, Мурат Бисембин бир жылдан ашык рак илдетине каршы күрөшүп келген. 2024-жылдын күзүндө анын диагнозу ачыкка чыгып, жаңы долбоорлордон баш тартып, тасмалардагы тартууларын токтотууга мажбур болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан