Улуу Британия жана Франция тынчтык келишимине жетишилген учурда Украинага 15 000ге чейин аскер жөнөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Times жеке булактарына таянып жазып чыкты.
Басылманын эки аскердик булагы Лондон 7500дөн аз аскер жөнөтө аларын, калганын Франция жөнөтөрүн айтып беришкен.
The Times басылмасынын маалыматы боюнча, британ жана француз бөлүктөрү украин аскерлерин окутат жана курал-жарактарды, аскердик техникаларды сактоо үчүн коопсуз жайлардын курулушун көзөмөлдөйт.