АКШнын президенти Дональд Трамп өзү бийликте турганда Кытай Тайвань маселесин чечүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүшү күмөн деп билдирди.
"Алар дагы бир президент болгондо муну кылышы мүмкүн. Мен кызматта турганда бул мүмкүн эмес деп ойлойм",- деген ал The New York Times гезитине берген маегинде.
Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди мындай кадамдардан сактанууга чакырганын кошумчалаган.
"Ал эмне кылууну өзү чечет. Бирок мен ага эгер ал ушундай кылса, абдан нааразы болорумду айттым. Ал андай кылбайт деп ойлойм",- деген америкалык лидер.