Биз социалдык тармакта

8-январда Күндүн бетинде ири жарылуу катталды

Кечээ, 8-январда Күндүн бетинде ири жарылуу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Күн астрономиясы лабораториясынын маалыматына ылайык, жарылуу Күндүн Жерге көрүнбөгөн тарабында болгондуктан, учурда спутниктер аркылуу түз байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Жарылуунун натыйжасында заттар ар кайсы тарапка чачыраганы коронографтардан байкалган.

Окумуштуулардын айтымында, жарылуу орточо активдүүлүктө болушу мүмкүн жана анын так ордун болжол менен бир жуманын ичинде, ал аймак Күндүн көрүнгөн бөлүгүнө чыкканда, байкоого болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан