Салык кызматынын сайтында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациялары боюнча маалыматтар жарыяланды.
Анда премзденттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков былтыр 2 миллион 287 миң 768 сом тапканы көрсөтүлөт. Ошондой эле 1 миллион 218 миң сомго бааланган жылкылары, 1 миллион 68 миң сомду түзгөн жеңил унаалары бар экени белгиленген.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов былтыр 1 миллион 680 миң 414 сом киреше алган. Анын 45,5 чарчы метрлик батири, 230 миң сомдук унаасы бар.