Быйыл күрөш боюнча Азия чемпиондугу Бишкекте өтөт

Эл аралык күрөш федерациясы (UWW) 2026-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугу Кыргызстанда өтөрүн расмий түрдө жарыялады. Мелдештер 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында уюштурулат.

Азия чемпиондугуна алдыңкы балбандар катышып, эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча медалдар ойнотулат.

Айта кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненада Лалович менен жолугуп, спорт тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Жолугушууда Кыргызстанда ири эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаш спортчуларды колдоо маселелери да көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан