Биз социалдык тармакта

АКШ Венесуэлага каршы экинчи чабуулдан баш тартты

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэлага каршы пландалган экинчи чабуул толкунун жокко чыгарды.

Анын айтымында, мындан ары чабуулдардын кереги жок, анткени өлкөлөр мунай-газ инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча кызматташат.

АКШ президентинин билдиргендей, ири мунай компаниялары кеминде 100 миллиард доллар инвестиция салат.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. 5-январда Венесуэланы убактылуу президент катары Делси Родригес башкарууга алды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти болуп иштеп турган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан