Кыргызстандын U-23 курама командасы Азия Кубогунда Вьетнамга утулду

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-23) Сауд Арабиясында өтүп жаткан Азия Кубогунун экинчи турундагы беттеште жеңилүү ызасын тартты.

9-январда кыргызстандыктар Вьетнамга каршы оюн өткөрүшүп, 1:2 эсеби менен жеңилди. Кыргызстан курамасы бул оюнда да пенальтиден гол өткөрүп жиберди. Бирок биринчи таймдын аягында эсепти теңей алды. Голдун автору Марлен Мурзахматов.

Экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандыктар дагы бир гол өткөрүп, жыйынтыгында утулуп калышты. Эки турдун жыйынтыгында Кыргызстандын U-23 курама командасынын эсебинде 0 упай болсо, Вьетнам 6 упай алды.

Кыргызстандын оюнчулары 12-январда Иорданиянын U-23 курама командасына каршы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан