Чоң жетилик саммити АКШнын президенти Дональд Трамптын туулган күнү менен туш келип калбашы үчүн кийинкиге жылдырыларын Politico басылмасы булактарына таянып жазды.
Буга чейин G7 саммити расмий түрдө 14–16-июнь күндөрү Францияда өтөрү жарыяланган. Франция бийлиги саммит бир күнгө жылдырылып, 15-июндан 17-июнга чейин өтөрүн расмий түрдө ырастаганы менен, себептерин ачыктаган эмес.
Трамп 14-июнда 80 жашка чыгат.