Иранда массалык нааразылык акциялары уланып, расмий маалыматтарга караганда, кеминде 62 адам каза болду. Кередже шаарында муниципалитеттин имараты, ал эми Тегеранда мечит өрттөлдү, ондогон башка имараттар, анын ичинде банктар жана оорукана жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Социалдык тармактарда кыздар өлкөнүн башкы башкаруучусу Али Хаменеинин портретин өрттөп жаткан кадрлары тарады.
Акция 28-декабрда Тегеранда башталган. Соңку аптада нааразылыктар 46дан ашык шаарда өткөн, катышуучулар жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө, акча кризисине жана бийликке каршы чакырыктарын билдиришүүдө. 9-январда миңдеген адамдар Реза Пехлевинин, соңку шахтын уулу жана АКШда жашаган оппозициянын лидери, чакыруусу менен көчөлөргө чыкты.