Кыргыз балбандары эл аралык турнирде эки алтын медаль утушту

Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yasar Dogu-2026" турнири 11-январда жыйынтыкталды. Аталган мелдеште кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Алтын медаль уткан балбандар:
  • Билол Шарип уулу - 65 килограмм
  • Залкарбек Табалдиев - 70 килограм
Күмүш байге ээлери:
  • Өскөнбай Абдисаматов - 65 килограмм
  • Малик Шаваев - 86 килограмм
Коло медаль ээлери:
  • Баяман Керимбеков - 57 килограмм
  • Рустамжан Кахаров - 70 килограмм
  • Адилет Маратбаев - 79 килограмм
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Жыл сайын өтүүчү аталган турнир Анталия шаарында 8-январда башталган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан