Биз социалдык тармакта

"Мурас" турак жай комплексиндеги 1080 батир ээлерине тапшырылды 

Бүгүн, 12-январда Бишкек шаарындагы "Мурас" турак жай комплексиндеги ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, 1080 батирди өз ээлерине тапшырды.
"Мурас" турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган 4754 батир куруу пландалган. Бул комплексте 2024-жылы 510 батир, 2025-жылы 476 батир курулуп, ээлерине тапшырылган. Учурда курулушу жигердүү жүрүп жаткан 2688 батир мерчемделген мөөнөтүндө өз ээлерине өткөрүлүп берилет. Албетте, комплекс бала-бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар орун алып, заманбап жашоого керектүү бардык социалдык объекттер менен камсыздалган",- деп билдирген өлкө башчы өз сөзүндө.
Ошондой эле 10 миллион сомдук уставдык капитал менен 10 жыл мурда ачылган мамлекеттик ипотекалык компания учурда уставдык капиталын 87 милллиард сомго жеткирип, келечекте 200 миллиард сомго чыгаруу аракети көрүлүп жатканы кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 13:23:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан