Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Айтматов проспектинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бүгүн, 12-январда Чыңгыз Айтматов проспектинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган проспект Семетей көчөсүнөн Абсамат Масалиев проспектине чейин ачылган. Тилкеде жөө адамдар өтүүчү 4 жер алдынан өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.

Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан