
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) бүгүн, 12-январда Азия кубогунун топтук этабынын үчүнчү, акыркы туру алкагында Иорданиядан келген атаандаштары менен беттеш өткөрөт.
Оюн Жидда шаарындагы "Кинг Абдулла Спорт Сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:30да башталат.
Калыстар тобун бахрейндик башкы арбитр Аммар Махфуд жетектейт.