Иран – Азиянын түштүк-батышында жайгашкан мамлекет. Анын расмий аталышы – Иран Ислам Республикасы. 1935-жылга чейин өлкө Персия деп аталып келген. Иран мунай жана газдын ири запастарына ээ. Өлкөдө жогорку бийлик руханий лидерге – улуу аятоллага таандык. Ядролук программасына байланыштуу Иран Батыш дүйнөсү менен карама-каршылыкта болуп келет.

Ирандын калкы
2024-жылдагы маалымат боюнча Ирандын калкы 91,57 миллион адамды түзөт. Өлкө калкынын саны боюнча Азияда 9-орунда, ал эми дүйнөдө 17-орунда турат.
Бардык жарандар ирандыктар деп саналганы менен, алар ар түрдүү улуттарга таандык.
Перстер – эң ири этностук топ. Алар калктын болжол менен 65 пайызын түзөт. Перстер перс тилинде (фарсы) сүйлөшөт, бул Ирандын негизги мамлекеттик тили.
Иран калкынын дагы болжол менен 10 пайызын күрттөр түзөт. Алар күрт тилинде сүйлөшөт жана көбүнчө өлкөнүн батышында жана түндүк-батышында – Курдистан, Керманшах, Түндүк Хорасан аймактарында жашашат.
Иранда араб улутунун өкүлдөрү да жашайт. Алар негизинен өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө – Хузестан провинциясында, ошондой эле Перс булуңунун жээгинде отурукташкан.
Өлкөнүн расмий дини – шиит багытындагы ислам. Ошол эле учурда Иранда башка диндердин өкүлдөрү да бар. Алардын катарына христиандык, иудаизм, зороастризм жана башка ишенимдер кирет.

Ирандын мамлекеттик түзүлүшү
Иран – исламдык республика. Бул деген сөз бул өлкөдө дин менен саясат аралашканын жана негизги ролду руханий лидерлер ойной турганын билдирет. Системанын негизи - өлкөнү эң акылдуу жана исламды мыкты билген адам башкаруусу керек деген идея.
Иранда негизги бийлик Жогорку жетекчи (рахбар) колунда топтолгон. 1989-жылдан бери бул кызматты жогорку аятолла Али Хаменеи ээлейт. Аятолла – бул диний наам.


