Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков Instagram баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, элден кечирим сурады.
Ал өзүнүн жасаган кылыгын моюнуна аларын белгилеп, туура эмес жоругу үчүн да колдоо кылган күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.
"Негизи мен андай абалда көрүнбөшүм керек эле. Тилекке каршы, ал коомчулукка чыгып кетти. Эми мындай нерсе кайталанбашына аракет кылам", - деди Атабеков.
Буга чейин социалдык тармактарда ырчынын мас абалда сөгүнгөн видеосу тараган.