Өткөн жылы 12 ай ичинде укук коргоо органдары тарабынан тыюу салынган 391 диний-экстремисттик багыттагы адабияттар кармалган. Бул тууралуу 21-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын 14 даанасы китептер болсо, 1 журнал, 70 китепче, 212 баракча, 15 конспект-дептер, 1 блокнот, 1 схема, 4 күндөлүк, 58 диск, 4 ноутбук, 1 уюлдук телефон, 1 флеш-карта жана сим-карталар табылган. Шаардык ички иштер башкармалыгы берген маалыматта “диний-экстремисттик маанайдагы материалдарды өз эрки менен бергендер жокко эсе. Коомдук тартипти жөнгө салуу үчүн жогорудагы кылмыштар менен кошо уюшкан кылмыштуу топтор, жоголгон адамдарды издөө сыяктуу иштер аткарылууда” деп айтылат.