Кыргызстандын U-23 курама командасы Азия Кубогундагы оюнун жыйынтыктады

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-23) Сауд Арабиясында өтүп жаткан Азия Кубогундагы оюнун жыйынтыктады.

Тайпалык баскычтын акыркы турунда кыргызстандыктар Иорданиянын футболчулары менен беттешип, 0:1 эсебинде утулуп калышты. Жалгыз гол оюндун биринчи таймынын 33-мүнөтүндө киргизилди.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы тайпалык этаптагы үч оюнунун баарында утулуп, жалпы эсептеги "А" тайпасында 4-орунду ээледи.

Муну менен башкы машыктыруучу Эдмар Ласерда жетектеген команда Азия Кубогундагы мелдешин аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 13:36:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан