Кыргызстанга гепатитке каршы 250 миң доза вакцина алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Айтымында, вакцина жарандарга үч этап менен акысыз берилет.
"Өлкөгө гепатитке каршы 250 миң доза вакцина келген. Бул 3 этап менен эмделет. Экспресс-тест дагы акысыз жүргүзүлүп жатат",- деди Сыдыгалиев.