
Өлкө аймагында бир сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 21 күжүрмөн эсеп тартылган.