Энергетика министрлиги бүгүнкү күндө Орто-Токой ГЭСин куруу иштеринин 80 пайызы аяктаганын билдирди.
Ага ылайык, учурда ГЭСтеги курулуш иштери бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда. Ал жерде төмөнкү жумуштар жасалууда:
- узундугу 950 метрди түзгөн деривациялык тоннелди казуу иштери толугу менен аяктады;
- суу өткөрүүчү тоннелдин темир-бетон каптамасын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө;
- тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдарын жана грунтун даярдоо жана бекемдөө иштери аткарылууда;
- үч чыгуусу бар тоннелдик тармакты монтаждоого даярдык көрүлүүдө: анын ичиндеги бир чыгуусунда 93,6 метр, экинчисинде 74,4 метр металл конструкциялар орнотулуп, ширетилди.
Гидроэлектростанциянын имаратында курулуш иштеринин бир катар этаптары аяктады:
- ГЭС имаратынын курулуш иштери 90 пайызга аяктады;
- төмөнкү бьефтеги суу агызуучу каналдын затворлорун көтөрүүчү механизмдер үчүн колонналарды арматуралоо жана бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлдү;
- чатырдын каркасын монтаждоо иштери аяктап, учурда чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө;
- № 1, 2, 3 гидротурбиналардын жана дисктүү затворлордун монтаждоо иштери аяктады.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 мегаватт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.