
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.
Бул убакытта чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Ал эми ӨКМ жарандарга электр чубалгыларынан, жарнамалык калкандардан, дарактардан алыс болууну эскертти.
"Кандайдыр бир кырсыкка кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат",- дешти ӨКМден.