Эртең, 14-январда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 ... +2 күндүз +9 ... +14;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +9 ... +11;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +12 ... +14;
- Нарын аймагында түнкүсүн -20 ... -22, күндүз -10 ... -12;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +12 ... +14.