Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында мас абалда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр сунушталууда:
"Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда",- деди Урмамбетов.
Жыйында депутаттар Азамат Исираилов менен Улукбек Узакбаев мас абалында эреже бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу менен гана чектелбей, кошумча айып пул салуу жолун караштырууга чакырды.
Эл өкүлү Болот Ибрагимов айып пул салуудагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, айдоочунун мастыгын жеринен аныктоо үчүн заманбап алкотестерлерди колдонуу жана тармактагы кызматкерлерге жетиштүү кам көрүү керектигин билдирди.
Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев жаштар арасында жол кырсыктары көп катталып жатканын айтып, зарыл болсо айдоочулук күбөлүктү алуу жаш курагын 21 жашка чейин жогорулатууну сунуштады.