Биз социалдык тармакта

Токтогулда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө (сүрөт)

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги бүгүн, 13-январда билдирди.
Бүгүнкү күндө бетон даярдоо, колонналардын алдындагы пайдубалды куюу иштери толук бүтүп, ички бөлүгүн толтуруу жана ар бир катмарды тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле имараттын жертөлө бөлүгүндөгү тирөөч дубалга арматуралоо иштери аткарылууда.
Курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айынын аягында башталган.
Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8625 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан