Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Анда "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" наамын алып салуу каралган. Буга Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков аталган наам "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" менен бириктирилип жатканын белгилеп, "анткени жазуучу кеңири түшүнүктү камтыйт" деп түшүндүрмө берди.