Биз социалдык тармакта

Жол тескөөчүлөр салган айып пулдун 10 пайызы алардын айлык акысына кошулат

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Болот Ибрагимов мас айдоочуларды кармап, айып пул салган жол тескөөчүгө түшкөн айыптын бир бөлүгүн чегерүүнү сунуштады.

Ал мындай кадам коррупциялык көрүнүштөрдү азайтмак деген пикирде.

"Мисалы, мас айдоочу кармалса, ал мамлекетке 80 миң сом төлөөнүн ордуна жол тескөөчүгө 10-15 миң сом төлөп коёт", - деди Ибрагимов.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жол тескөөчүлөрүнүн айлык акысына алар салган айып пулдардын 10 пайызы кошулуп берилерин билдирди.

Жол тескөөчүлөр салган айып пулдун 10 пайызы алардын айлык акысына кошулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан