Куудул, актриса Гүлжайна Аткановага жолдошу автоунаа белек кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында кабарлап, видео бөлүштү.
Билдирүүгө караганда, актриса айымга жолдошу Lexus 700 үлгүсүндөгу унаа тартуу кылган.
"2026-жыл эң сонун жаңылык менен башталды. Кандай бакыт — сүйүүң дал ушундай “айланып өтпөс белек” менен далилденсе...".
Lexus 700 — жөн гана унаа эмес, бул — мага болгон баа, сый, кам көрүү жана колдоонун белгиси! Жолдошума миң мертебе рахмат! Ар дайым жанымда, артыма карабай ишенүү менен жүргөн адамым!",- деп жазды куудул айым.