
Республика аймагында бир сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 15 күжүрмөн эсеп тартылган.