Биз социалдык тармакта

Бишкекте жолдогу чыр учурунда тапанча менен башка айдоочуну коркуткан жаран аныкталды (видео)

Интернет желесине жол чыры тартылган видео тарады. Анда белгисиз жаран "мыйзам боюнча сүйлөгүң келеби? Бул жакка кел" деген сөздөр менен тапанчага окшош нерсени алып чыккан.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына катталып, тергөө башталды. Бул факт боюнча 1990-жылы туулган Н.И. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда пневматикалык тапанчасы алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Бишкекте жолдогу чыр учурунда тапанча менен башка айдоочуну коркуткан жаран аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан