Биз социалдык тармакта

Ноокатта 2 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырды

Ноокатта 2 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Ноокат РИИБинин кызматкерлери ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын алдын алуу максатында "Арсенал" ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү.
Натыйжада 2 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралды ок дарылары менен кошо кызматкерлерге тапшырды. Анын ичинен 1 сайлуу ок атуучу курал (ТОЗ-8). Ал эми 2 ок атуучу курал ээси каза болгондугуна байланыштуу убактылуу РИИБинин карамагына алынды. Ошондой эле сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 жаранга протоколдор түзүлүп, аларга 9 миң сом айып пул салынды.
Ош ОИИББ жарандарга мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деп эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан