Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Аялдар боюнча түзүмүнүн аткаруучу кеңешинин бюросуна Азия-Тынч океан тобунун атынан вице-президент болуп шайланды. Бул тууралуу БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул шайлоо мүчө мамлекеттердин Кыргызстанга болгон ишенимин айгинелеп, өлкөнүн гендердик теңчиликти илгерилетүүгө, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган саясатына жогорку баа берилгенин көрсөтөт.
Ошондой эле бул чечим Кыргызстандын БУУнун тутумунда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө активдүү салым кошуп жатканын тастыктайт.