Биз социалдык тармакта

Чүйдө 65 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүүлөр кармалышты

Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-январда Кемин райондук милиция бөлүмүнө бычакталган эркек кишинин жансыз денеси турак үйдөн табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт каттоого алынып, тергөө-ыкчам тобу үйдөн 65 жаштагы жарандын сөөгүн табышкан. Текшерүү учурунда маркум көп сандаган бычак саюудан улам каза тапканы аныкталган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 65 жаштардагы Б.Т. жана С.К. аттуу жарандар кармалышты. Анда окуя маркумдун үйүндө болгону, алар ичимдик ичкени аныкталган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан