Биз социалдык тармакта

№13 шайлоо округунда 4 жаран шайлоого катышуу ниетин билдирди

№13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген 4 жарандын арызы кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Арыз бергендер:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Асамудинов Бактыбек Асанович.

Кайрадан шайлоо 1-мартта өткөрүлөт. Катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу 29-январь саат 18:00дө аяктайт.

Эске салсак, БШК 3-декабрда №13 шайлоо округундагы добуш берүүнүн купуялуулук эрежеси бузулган деп таап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан