Биз социалдык тармакта

Ош облустук балдар ооруканасындагы кезек иретке келтирилди (видео)

Ош облустук балдар ооруканасындагы кезек күтүү иретке келтирилди. Бул тууралуу 14-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооруканадагы кезек күтүү жөнүндө социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу Каныбек Досмамбетовдун тапшырмасы менен тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн.
Видеодо көрсөтүлгөн кеңеш берүү, дарт аныктоо бөлүмүндө адамдардын жыйылуусун жараткан күтүү жайындагы лабораториялык бөлмөлөр көчүрүлдү, кезектер иретке келтирилди жана кошумча каттоочу жай ачылды. Андан сырткары, күтүү жайын чоңойтуу иштери башталды.
Азыркы күндө бейтаптарды иш тартиби боюнча кабыл алуу жүргүзүлүп, дарыгерлер жана медайымдар эл менен иш алып барышууда.
Ош облустук балдар ооруканасында кезек ирээтке келтирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан