Биз социалдык тармакта

Алдыдагы суукка байланыштуу Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

Алдыда күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек шаарынын ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык бригадалар күчөтүлдү, техникалык жана оперативдүү персоналдын күнү-түнү иштөө нөөмөтү уюштурулду, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишине кошумча көзөмөл камсыздалды.

"Штаттан тышкаркы мүмкүн болгон кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн ишкананын бардык кызматтары тынымсыз байланышта турушат",- деп билдирди мэрия.

Ошондой эле жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан