Бишкекте бейбаштыкка шектелип 22 жаштагы 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-январда милицияга арыз жазган жаран 16 жаштагы уулу Ак-Ордо конушундагы үйүнүн алдынан бычакталганын айткан. Окуя 12-январда болгон. Өспүрүм ооруканага жаткырылган. Ал санынан, сол колунан жана белинин ылдый жагынын жаракат алган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Колго түшкөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда тергөө иштери уланууда.