Кеминдин Боролдой айылында кармалган ак илбирс жаратылышка коё берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаныбарды адистер ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өткөрүшкөн. Анын жашы 3–4 жаш, эркек, салмагы 42,7 килограмм жана узундугу болжол менен 2 метрге жетет.
"Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунда жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин жаратылышка коё берилди", - деп билдирди министрлик.