Өкмөт мындан ары бюджеттин дефицитин жабуу үчүн банктардан насыя алууну азайтат

Мындан ары өкмөт бюджеттин дефицитин жабуу үчүн банктардан насыя алууну азайтат. Насыя алууну азайтуунун дагы бир себеби мамлекеттик чыгымдарды азайтуу болуп саналат. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, өкмөт быйылкы жылы мамлекеттик аппаратты каржылоону азайтты. Кызмат боюнча иш сапарларга чыгымдар, транспорттук чыгымдар, анча зарыл эмес капиталдык салыктар сыяктуу башка чыгымдар кыскартылды. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине өздөрүндөгү “башка чыгымдарды” кайра карап чыгуу тапшырылды. Жаңы жылдан баштап ар бир мамлекеттик органдын, ар бир министрликтин бюджеттик каражатты натыйжалуу пайдалануу боюнча иштери текшерилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан